Министрдин орун басары Токмок шаарындагы социалдык мекемеде капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерди
2026-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Исатбек кызы Аида Токмоктогу № 1 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барды.
Иш сапардын жүрүшүндө министрдин орун басары мекемеде жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Оңдоо иштери социалдык кызмат алуучулардын жашоо шарттарын жакшыртууга, ыңгайлуу жана коопсуз чөйрөнү түзүүгө, ошондой эле кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртууга багытталган.
Учурда мекемеде майыптыгы бар 300 адам жашап, социалдык кызматтарды алууда.
Капиталдык оңдоо иштери жашоо жана социалдык кызмат көрсөтүү үчүн кыйла жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет. Бөлмөлөрдү жаңылоодо алардын жеткиликтүүлүгүнө, коопсуздугуна жана майыптыгы бар адамдардын муктаждыктарына ылайык келишине өзгөчө көңүл бурулууда.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги социалдык стационардык мекемелерде жашоо жана кызмат көрсөтүү шарттарын жакшыртуу иштерин улантууда. Татыктуу жашоо шарттарын түзүү, талаптагыдай кам көрүүнү камсыз кылуу жана социалдык кызматтардын сапатын жогорулатуу Министрликтин ишинин артыкчылыктуу багыттары бойдон калууда.




















