Министрликте коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу маселелери боюнча семинар өткөрүлдү
2026-жылдын 29-октябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 2025–2030-жылдарга карата мамлекеттик стратегияны жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу маселелери боюнча семинар өткөрүлдү.
Семинардын жүрүшүндө иш-чаралар планынын аткарылышы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана бюрократиялык жол-жоболорду кыскартуу маселелери каралды.
Жыйынтыгында жооптуу түзүмдүк бөлүмдөргө белгиленген иш-чараларды өз убагында жана толук аткаруу, аткарылган иштер боюнча тастыктоочу документтерди берүү, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүүнү кеңейтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу тапшырылды.
Иш-чара Министрликтин тутумунда коррупциянын алдын алууга, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.





















