Эмгек министри Талас облусунда жарандарды кабыл алды
Бүгүн, 2-ноябрда, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Талас облусунда жарандарды кабыл алды.
Кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун аймакка болгон иш сапарынын алкагында өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө жарандар министрге социалдык чөйрөгө тиешелүү бир катар маселелер менен кайрылышты. Атап айтканда, майыптуулукту белгилөө, медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын (МСЭК) ишмердүүлүгү, социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн жогорулатуу, санатордук-курорттук дарыланууга жолдомо берүү маселелери талкууланды.
Министр жарандардын кайрылууларын угуп, көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берди.





















