Министрдин орун басары Аида Исатбек кызы жарандарды кабыл алды
13-ноябрда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы жарандарды кабыл алды.
Жарандарды кабыл алуу учурунда эл аралык бала асырап алууну жүзөгө ашыруучу уюмдарды аккредитациялоо, майыптыгы боюнча жөлөкпул дайындоо жана жеке ассистенттин кызматын көрсөтүү, жумушка орношууга көмөк көрсөтүү, ошондой эле эки баланы тарбиялап жаткан жетим балага турак жай маселесин чечүүгө көмөктөшүү боюнча кайрылуулар түштү.
Ар бир кайрылуу боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөр берилди. Кошумча кароону талап кылган маселелер министрликтин көзөмөлүнө алынып, компетенциянын чегинде андан ары иштеп чыгуу үчүн тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө жөнөтүлдү.





















