Эмгек министрлиги майыптыгы бар адамдарды колдоого жана кайрымдуулукка багытталган «Биз биргебиз!» аттуу бир айлыктын башталганын жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 3-декабрь – Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүнө карата 15-ноябрдан 15-декабрга чейин өткөрүлүүчү «Биз биргебиз!» аттуу майыптыгы бар адамдарды колдоо жана кайрымдуулук бир айлыгынын башталганын жарыялайт.

Бир айлык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги № 237 «Кыргыз Республикасында жыл сайын Балдарды коргоонун эл аралык күнүн, Карылар күнүн жана Майыптар күнүн өткөрүү жөнүндө» токтомунун алкагында өткөрүлүп, коомчулуктун көңүлүн майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо, алардын өлкөнүн коомдук турмушуна толук кандуу катышуусу үчүн шарттарды түзүү жана инклюзивдүү демилгелерди өнүктүрүү маселелерине бурууга багытталган.

Жогоруда аталган токтомго ылайык, министрликтерге, административдик ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына майыптыгы бар адамдарды колдоо жана кайрымдуулук бир айлыгын өткөрүүнүн алкагында ар бир жаранга, анын дене-бой мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан, бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү милдети жүктөлгөн.

Бул бир айлык жөн гана иш-чаралардын жыйындысы эмес, ар бир адам өзүн коомдун керектүү мүчөсү катары сезип, укуктары корголгон инклюзивдүү коомду калыптандырууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бардык мамлекеттик жана коомдук түзүмдөрдү, бизнес өкүлдөрүн жана жарандарды бир айлыктын иш-чараларына активдүү катышууга, майыптыгы бар адамдарга көңүл буруп, колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле жеткиликтүү жана инклюзивдүү чөйрөнү өнүктүрүүгө өз салымын кошууга чакырат.

Маалымат үчүн:

Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнү 1992-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан белгиленген. Анын негизги максаты – майыптыгы бар адамдардын коомдук турмуштун бардык тармактарындагы укуктарын камсыз кылууга көмөктөшүү жана алар туш болгон көйгөйлөр тууралуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу.

Пайдалуу
Ссылкалар