Бишкекте «Кыргыз Республикасында улгаюу жана жакырчылык» аттуу серептин бет ачары өттү

2026-жылдын 19-ноябрында Бишкек шаарында «Кыргыз Республикасында улгаюу жана жакырчылык» аттуу серептин бет ачары болуп өттү. Анда калктын демографиялык өзгөрүүлөрүнүн актуалдуу тенденциялары, улгайган жарандардын социалдык-экономикалык абалы, ошондой эле улгайган адамдардын жакырчылыгынын алдын алууга байланышкан көйгөйлөр каралды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы катышты.

Министрдин орун басары куттуктоо сөзүндө калктын карылыгы, улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу жана активдүү узак жашоо принциптерине негизделген кызматтарды өнүктүрүү маселелери Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасында чагылдырылганын белгиледи.

Ошондой эле министрдин орун басары жергиликтүү деңгээлде социалдык демилгелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Анын айтымында, мамлекеттик социалдык заказдын алкагында аймактарда улгайган жарандар үчүн борборлор түзүлүүдө. Бул борборлор социалдык кызматтарды көрсөтүүгө, дене тарбиялык активдүүлүктү колдоого, маданий жана билим берүү иш-чараларына тартууга, баарлашуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана бош убакытты пайдалуу өткөрүүнү уюштурууга багытталган.

Сөзүнүн соңунда Аида Исатбек кызы сунушталган сереп учурдагы көйгөйлөрдү жана чакырыктарды комплекстүү баалоого, мамлекеттик саясатты өркүндөтүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоого, ошондой эле улгайган жарандардын жакырчылыгынын алдын алуу боюнча ыкмаларды иштеп чыгууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Пайдалуу
Ссылкалар