Министрдин орун басары Аида Исатбек кызы «Эне үйү» борборуна барды

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы Кыргызстандагы БУУнун «Аялдар» түзүмүнүн жетекчиси Сайед Садик менен биргеликте «Эне үйү» борборуна барды.

Сапардын максаты турмуштук оор кырдаалга кабылган, жаңы төрөлгөн балдары бар аялдарга жардам көрсөтүү тажрыйбасы менен таанышуу болду.

Катышуучулар борбордун ишмердүүлүгү, энелердин жана балдардын жашоо шарттары, ошондой эле көрсөтүлүп жаткан колдоо программалары менен таанышты.

Борборго барган учурда анда жаңы төрөлгөн балдары менен бирге ___ аял жашап жаткан.

Мекеменин негизги ишмердүүлүгү үй-бүлөнү сактоого, энеликти жана балалыкты колдоого, ошондой эле жаңы төрөлгөн балдардан баш тартуунун алдын алууга багытталган.

Тараптар турмуштук оор кырдаалга кабылган аялдарды колдоо механизмдерин өнүктүрүүнүн жана аларга зарыл жардам көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн талкуулашты.

Пайдалуу
Ссылкалар