15 миңден ашуун майыптыгы бар адамдардын жеке ассистентине азык-түлүк жардамы көрсөтүлдү
Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) Кыргыз Республикасында 2023–2027-жылдарга карата Өлкөлүк стратегиялык планынын алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын, ошондой эле 18 жаштан жогорку, бала кезинен I топтогу майыптыгы бар жана туруктуу кароого жана көзөмөлгө муктаж адамдардын жеке ассистенттерине азык-түлүк жардамы көрсөтүлүүдө.
Бул демилгени ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан жеке ассистенттерди азык-түлүк жардамы менен камсыз кылуу боюнча тиешелүү буйрук чыгарылган.
Республиканын аймагында жалпы 15 846 жеке ассистентке 1 949 тонна көлөмүндө азык-түлүк жардамы көрсөтүлдү.
Аталган колдоого ээ болгон ар бир үй-бүлөгө төмөнкү азык-түлүк топтому берилди:
-
100 кг буудай уну;
-
10 литр өсүмдүк майы;
-
12,5 кг сары жарылган буурчак.
Бул демилге ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана адамдарга туруктуу кам көргөн үй-бүлөлөргө кошумча колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле алардын социалдык абалын жакшыртууга багытталган.





















