А.Исатбек кызы Манас шаарындагы «Ак-Жол» балдар үчүн комплекстүү реабилитациялык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары А. Исатбек кызы Жалал-Абад шаарындагы министрликке караштуу «Ак-Жол» балдар үчүн комплекстүү реабилитациялык борборуна барып, мекеменин ишмердүүлүгү жана балдардын укуктарынын сакталышы менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө борбордогу балдар үчүн түзүлгөн шарттар, алардын жашоо-турмушу жана социалдык жактан колдоого алынышы тууралуу маалымат берилди.

Белгилей кетсек, «Ак-Жол» балдар үчүн комплекстүү реабилитациялык борбору 2007-жылы түзүлгөн. Мекеме ата-энесинин камкордугунан ажыраган жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды тарбиялоо, социалдык колдоо көрсөтүү, билим алуусуна жана коомго аралашуусуна көмөк көрсөтүү багытында иш алып барат.

Учурда борбордо 30 бала кызмат алууда. Алар Жалал-Абад шаарындагы Ж. Болотов атындагы №21 орто мектепте билим алышат. Мындан тышкары, англис тили курстарына катышып, спорттук ийримдерге тартылышат.

Борбордо балдардын укуктарын коргоого, коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, алардын ар тараптуу өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурулат. Учурда мекемеде 20 кызматкер эмгектенип, балдардын татыктуу жашоосу, тарбия жана билим алуусу үчүн кызмат көрсөтүп келишет.

«Ак-Жол» борборунун негизги максаты — ар бир баланын келечегине кам көрүү, алардын коомдо өз ордун табуусуна, өз алдынча жашоого жана толук кандуу коомдук турмушка даяр болушуна шарт түзүү.

Иш сапардын алкагында балдардын укуктарынын сакталышы, алардын кызыкчылыктарын коргоо жана жашоо шарттарын жакшыртуу маселелерине көңүл бурулду.

Пайдалуу
Ссылкалар