Бишкекте бош орундар жарманкесинде иш берүүчүлөр 4 миңден ашык вакансия сунушташты
2026-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында жаш адистерди, жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн жана студенттерди жумушка орноштурууга көмөктөшүүгө багытталган бош орундар жана кесиптер жарманкеси болуп өттү.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети менен биргеликте уюштурду.
Жарманкеге 40тан ашык иш берүүчү катышып, экономика, юриспруденция, маалыматтык технологиялар, билим берүү, журналистика, башкаруу жана башка тармактар боюнча 4 миңден ашык бош жумуш ордун сунушташты.
Катышуучулар уюмдардын өкүлдөрү менен түз баарлашып, эмгек рыногундагы актуалдуу сунуштар тууралуу маалымат алууга, маектешүүдөн өтүүгө жана келечектеги жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кароого шарт алышты.
Иш-чаранын алкагында Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн кесипке багыт берүүчү тестирлөөлөр, интерактивдүү оюндар жана университет боюнча экскурсия уюштурулду. Мындан тышкары, иш менен камсыз кылуу кызматынын адистери келген жарандарга жумушка орношуу, кесиптик окутуу, жаштардын стажировкадан өтүүсү жана иш менен камсыз кылууну мамлекеттик колдоо чаралары боюнча консультацияларды беришти.
Белгилей кетсек, бош орундар жарманкелерин уюштуруу иштери борбор калаада гана эмес, республиканын бардык аймактарында жүргүзүлүүдө.





















