Кыргызстан Стамбул шаарындагы эл аралык аянтчада мигранттарды мекенине кайтаруу жана реинтеграциялоо боюнча тажрыйбасын тааныштырды

 

2026-жылдын 24–26-ноябрь күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында Будапешт процессинин алкагында иш-чаралар өтүүдө. Алардын катарында мигранттарды мекенине кайтаруу жана реинтеграциялоо маселелери боюнча тематикалык жумушчу топтун жыйыны, ошондой эле Будапешт процессинин 2025–2030-жылдарга карата Иш-аракеттерге чакырыгын ишке ашырууну талкуулоого арналган жогорку кызмат адамдарынын кеңешмеси өткөрүлүүдө.

Иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары А.К. Алиясов Кыргыз Республикасынын тажрыйбасы менен бөлүшүп, жарандарды мекенине кайтаруу жана реинтеграциялоо багытында мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Ал өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-майындагы № 334 тескемеси менен бекитилген 2026–2030-жылдарга кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо программасынын кабыл алынганын белгиледи.

Аталган программа мекенине кайтып келген жарандарды мамлекеттик колдоонун комплекстүү системасын түзүүгө, алардын социалдык жана экономикалык адаптациясына, ишке орношуусуна, ишкердикти өнүктүрүүсүнө, ошондой эле чет өлкөдө топтогон кесиптик көндүмдөрүн жана тажрыйбасын натыйжалуу пайдаланууга багытталган.

Кыргыз Республикасы Будапешт процессине катышуучу өлкөлөр менен мындан ары да кызматташууга, тажрыйба алмашууга жана мекенине кайтып келген мигранттардын туруктуу реинтеграциясын камсыз кылууга багытталган биргелешкен демилгелерди өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

 

 

Пайдалуу
Ссылкалар