Министр Кудайберген Базарбаев музыкалык аспаптарды Түп районундагы улгайган жарандар үчүн жаңы борборго берди

27-марта, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Санташ айыл аймагынын Байзак айылында улгайган жарандар үчүн күндүзгү борбор ачты.
Кудайберген Базарбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан борборго музыкалык аспаптарды, жумшак жана офистик эмеректерди, телевизорду, принтери бар компьютерди, идиш-аяктарды жана дары-дармектерди берди.
Борбор Эмгек министрлигинин, Түп районунун акиминин, “Кеменгер” коомдук фондунун жана “Байзак Жаштар Союзу” коомдук бирикмесинин жардамы менен улгайган жарандардын эс алуусун уюштуруу үчүн түзүлгөн.
Улуу курактагы айылдыктар үчүн Адабий жана башка чыгармачылык ийримдер, өздүк чыгармачылык курстары иштейт. Ошол эле учурда борбордо 20га чейин адам убакыт өткөрө алат.
Министр Кудайберген Базарбаевдин айтымында, мамлекет улгайган жарандарга карата саясатты түп-тамырынан өзгөртүүгө ниеттенүүдө.
“Кыргызстанда 331,5 миң жаран 65 жаштан жогору, бул жалпы калктын 5% түзөт. Министрлик пенсияга чыккандан кийин толук кандуу жашоого мүмкүндүк берген активдүү узак өмүр саясатын ишке ашырууга киришти. Улгайган жарандар жөнүндө мыйзамга олуттуу өзгөртүүлөр киргизилди, биз улгайган жарандарга өсүп келе жаткан муунду патриоттук тарбиялоого катышууну, аларга өз билимдерин жана тажрыйбаларын берүүнү сунуштайбыз.
Президент Садыр Жапаровдун биринчи Жарлыгы “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлык болгон, анда улуттук баалуулуктарды сактоодо жана берүүдө улуу муундун өзгөчө ролу баса белгиленди. Бүгүн биз карылар үчүн билим алууда бирдей мүмкүнчүлүктөрдү мыйзам менен бекитүүнү каалайбыз, улгайган жарандардын ишкердик ишмердүүлүгүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү сунушталууда.
Мамлекеттик органдарга тармактык маселелерди чечүү үчүн тиешелүү чөйрөдө чоң тажрыйбасы бар улгайган жарандарды тартуу укугу берилет. Жалпысынан, биз улгайган жарандарга карата стереотиптерди жана басмырлоону жоюуга ниеттенип жатабыз”, – деди министр.
Ал белгилегендей, жаңы социалдык саясат Түп районунан – эки жолу социалдык камсыздоо министри болуп иштеген Батыш Салиеванын мекенинен башталат (жалпысынан 25 жыл) жана социалдык коргоо системасынын калыптанышына олуттуу таасир тийгизген. Министрлик ушул сыяктуу борборлорду жылдын аягына чейин өлкөнүн башка айылдарында да ачууну көздөп жатат.
Санташ а/а аксакалдарынын өкүлү Доткул Жантаев өлкөнүн жетекчилигине улгайган жарандарга көңүл бурганы үчүн ыраазычылык билдирди.
Пайдалуу
Ссылкалар