Сокулук социалдык башкармалыгынын кызматкерлери эмгек акыларын жогорулаткандыгы үчүн Президентке ыраазычылык билдиришти

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева иш сапары менен Сокулуктагы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына барып, социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын 50-100% га жогорулатуу жөнүндө жамаатка айтып берди.
Жамаат Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровго жана Министрликтин жетекчилигине ыраазычылык билдирди, ошондой эле кеңешмеде аз камсыз болгон жарандар үчүн жөлөкпулдарды жогорулатуу башкармалыгынын ишинин жыйынтыктары, муктаж жарандар арасында электр энергиясына төмөндөтүлгөн тарифтерди берүү жана башка маселелер талкууланды.
Пайдалуу
Ссылкалар