Эмгек министрлиги муктаж болгон жарандарга жардам көрсөтүү үчүн 810 тонна ун 120 тонна май алды
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу Россия Федерациясы тарабынан берилген 810 тонна байытылган ун жана 120 тонна өсүмдүк майын алды.
БУУ ДАП колдогон долбоорлорго катышкан 27 миң үй-бүлөгө буудай уну берилет.
Жардам “эмгек ордуна азык-түлүк” долбоорунун катышуучуларына берилет, ошондой эле башталгыч класстардын окуучулары үчүн акысыз түшкү тамак даярдоо үчүн өлкөнүн мектептерине бөлүштүрүлөт.
Ар бир үй-бүлөгө 150 килограмм ун жана 15 литр өсүмдүк майы берилет.
Сөз болуп жаткан долбоорлорго аз камсыз болгон жарандардын ирригациялык тармактарды жана ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын калыбына келтирүүгө, бак-дарактарды отургузууга, жээктерди бекемдөөгө, республика боюнча көпүрөлөрдү жана дренаждык тутумдарды курууга катышуусу кирет.
2022-04-22