Эмгек министрлиги бош орундардын жарманкесин уюштуруп, анда 6 миң вакансия сунушталды

2022-жылдын 27-апрелинде А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында жогорку окуу жайлардын, колледждердин, кесиптик лицейлердин студенттери, бүтүрүүчүлөрү үчүн жумуш жана кесип жарманкеси болуп
өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев катышты. Куттуктоо сөзүндө Министр, учурда мамлекет тарабынан калкты иш менен камсыз кылуу жаатында жигердүү чаралар көрүлүп жатканын, анын бир мисалы болуп, мамлекеттик жана жеке ишканалар жарандарга 6000
вакансия сунуштаганын белгиледи.
Жумуш жана кесип жарманкесине өнөр жай, курулуш, транспорт, соода, билим берүү, саламаттыкты сактоо ж.б. чөйрөлөрүнөн 2000 вакансия берген 50 компания чыкырылган.
Андан тышкары, Бишкек шаардык калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы тарабынан Бишкек шаары боюнча 3500 жана республиканын аймактарынан 1300 вакансиялар сунушталган.
Жалпысынан 6000дөн ашык вакансиялар берилди.
Жарманкенин жүрүшүндө иш берүүчүлөр потенциалдуу талапкерлер менен консультацияларды жана экспресс-маектешүүлөрдү өткөрүштү, жарандар ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү боюнча кызматтар (жумуш менен камсыз кылуу, кесиптик окутуу, акы төлөнүүчү коомдук жумуштар,
жумушсуздук боюнча жөлөкпул ж.б.у.с.), эмгек мыйзамдары, иш берүүчү менен алгачкы аңгемелешүүдөн өтүү боюнча кеңештерди алышты.
Тез арада маектешууну камсыз кылуу максатында резюмелерди түзүүдө жана басып чыгарууда жардам көрсөтүлгөн.
Кесип тандоону чече элек мектеп бүтүрүүчүлөрү кесипке багыт берүү боюнча консультацияларды алышты, алардын кызыкчылыктарын жана компетенцияларын аныктоого жардам бере турган кесипке багыт берүү тесттеринен өтүштү, жөндөмдүүлүктөрүн жана көндүмдөрүн ачкан кесипке
багыт берүү оюндарына катышышты.
Жарманкенин жүрүшүндө белгилүү ийгиликтүү ишкерлер, HR
менеджерлери абитуриенттердин квалификациясын жогорулатуу максатында ар кандай темада мастер-класстарды өткөрүштү.
Иш берүүчүлөр менен жумуш издеген жарандардын башын
бириктирген жумуш жана кесип жарманкеси өлкөнүн экономикасын чыңдоонун маанилүү бөлүгү.
Ошондой эле, бул иш-чара бизнес өкүлдөрүнө квалификациялуу талапкерлерди табууга жардам берет, бул бүгүнкү күндө компаниялар үчүн актуалдуу маселе.
Германия Өкмөтү тарабынан Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Германиянын Эл аралык кызматташтык коому) ишке ашырылуучу кыргыз-герман долбоорун ишке ашыруучу катары, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, ЛА Бизнес Ассоциациясы, Бишкек шаардык «Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы» бул иш-чаранын
уюштуруучулары болуп саналат.
Вакансиялардын жарманкеси ишканалар жана окуу жайлары үчүн да, жумуш издөөчүлөр үчүн да бекер өткөрүлөт.
Пайдалуу
Ссылкалар