«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын апрель айынын иши тууралуу маалымат

 «Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 1– апрелинен 1- майына чейин 8827 телефондон кайрылуу (же бир суткада 294 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 259 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 59 же 22,8% жаш балдардан, ал эми 200 же 77,2% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 199 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 22 абонентке психологиялык консультация берилди, 38 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

259 чалуунун ичинен эркектерден – 58 (же 22,4%), аялдардан – 201 (же 77,6%), балдардан – 59: анын ичинен эркек балдардан – 17 (же 28,8%), кыздардан – 42 (же 71,2%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 79;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү тууралуу– 36;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 36;

– психологиялык жабырлануудан – 21;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 17;

– үй- бүлөлүк мамилелер жана чыр- чатактар тууралуу – 13;

– БҮИТ борбору тууралуу маалымат – 11;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 9;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, АӨБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 9; 

– билим берүү системасы боюнча – 9;

– аялдарга карата үй- бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 8;

– башка суроолор менен – 7;

– мектептеги рэкет туралуу- 2;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 1;

– суицид тууралуу-1.

8568 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу, бирдик жүктөө боюнча, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 78 (же 30,1%);

– Чүй облусунан – 35 (же 13,5%);

– Ош облусунан – 31 (же 12,0%);

– Жалал- Абад облусунан – 19 (же 7,3%);

– Баткен облусунан – 11 (же 4,2 %);  

– Ысык-Көл облусунан – 9 (же 3,5%);

– Ош шаарынан – 9 (же 3,5%);

– Талас облусунан – 4 (же 1,5%);

– Нарын облусунан – 3 (же 1,2%);

– анонимдерден – 60 (же 23,2%).

Пайдалуу
Ссылкалар