Кыргыз Республикасынын 200 жараны Германияда иштегенге мүмкүнчүлүк алышат

Бул тууралуу бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев министрлик менен Германияда ишке орношууга мүмкүнчүлүк берген “EDUVISO” программасынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюу учурунда билдирди.
Келишимге эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы чет өлкөдөгү жарандарды ишке орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков менен Программанын жетекчиси Свобода ТОРСТЕНДИН ортосунда кол коюлду.
Келишимдин алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарына “медайымдык иш” адистиги боюнча Германияда андан ары ишке орноштуруу менен Кыргыз Республикасынын программа менен аккредиттелген окуу жайларында окуудан өтүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
11-класстын бүтүрүүчүлөрү, ошондой эле 35 жашка чейинки бардык каалоочулар бул программага катышуу үчүн кайрылып, маектешүүдөн өтө алышат.
Жыйынтыгында, тандоодон өткөн талапкерлер Германияда жумушка орношо алышат.
Пайдалуу
Ссылкалар