Дүйнөлүк Банк

ДҮЙНӨЛҮК БАНК ДОЛБООРУ

Дүйнөлүк банк (ДБ) жабдууларды сатып алуу жана техникалык (консультативдик) жардам аркылуу  Министрликтин  социалдык жардамдын административдик  бөлүгүнүн  дараметин чыңдоого багытталган SWAp -1(бир) саламаттык сактоо жана социалдык коргоо долбоорунун алкагында  Эмгек жана социалдык өнүгүү Министрлигине  колдоо көрсөттү.  Колдоо өлкөдөгү бардык социалдык коргоо мекемелер жана департаменттер үчүн компьютердик жабдууларды сатып алууну, ошондой эле социалдык жардам алуучулар реестр башкармалыгы үчүн маалыматтык программалык камсыздоону иштеп чыгууну камтыйт.

ДБ социалдык коргоо тутумундагы аналитикалык негиздерди  камсыздоо максатында Өкмөт өткөрүп жаткан реформаларды колдоо үчун социалдык коргоого кеткен мамлекеттик чыгымдарга сереп жүргүзүү боюнча  иш  алып барды.

Саламаттык сактоонун жана социалдык коргоонун   экинчи долбоорун ишке ашыруу алкагында,  биринчидей эле, социалдык коргоо Компоненти үчүн салттуу инвестициялык механизмин колдонуу менен катар, саламаттык сактоо сектору үчүн кеңири сектордук  SWAp ыкмасы да колдонулат.

Долбоор төмөнкү багыттарда ишке ашырылат:

1 Компонент – саламаттык сактоону реформалоонун “Ден соолук” программасын ишке ашырууну колдоо.  Бул компонент кеңири сектордук SWAp ыкманын алкагындагы программаларды ишке ашырууну колдойт.

2 Компонент – Эмгек жана социалдык өнүгүү Министрлигинин (ЭСӨМ) администрациялык потенциалын жана саясатын   чыңдоо. Компоненттин  максаты,  Өкмөт тарабынан социалдык жардамдын жана кызмат  көрсөтүүлөрдүн натыйжалуу жана даректүү мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу менен  аз камсыз болгон жана калктын аярлуу катмарын колдоо  багытын   камсыз кылуу.

 Мунун баары   натыйжалуу программаларды иштеп чыгуу,  ишке ашыруу жана адамдык ресурстарынын  потенциалын жогорулатуу, мекемелерди бекемдөө жолу менен ишке ашышы мүмкүн.          Калктын  жакыр жана аярлуу катмары,  анын ичинде мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар, ошондой эле аз камсыз болгон балдары  бар үй-бүлөлөр  негизги максаттуу топтор болуп калат.

Эки компоненттин ортосундагы синергия  саламаттык сактоо жана социалдык   тейлөө, ошондой эле социалдык жардам көрсөтүү чөйрөсүндөгү  зарыл болгон  даректүүлүктү  жогорулатууга байланыштуу.

“Социалдык коргоо” компонентинтин ишке ашыруу төмөнкү багыттар    боюнча   жүргүзүлөт:

  1. Социалдык жардам көрсөтүү тутумунун  натыйжалуулугун жогорулатуу.

Кедейлик кырдаалдан чыгууга түрткү берүү үчүн    шайкеш  болгон дизайн, сыноодон өткөрүү жана айрым долбоордук иш-чараларды баалоо, анын ичинде жөлөкпулдардын ар түрдүү формулаларын жана  даректүүлүгүн жогорулатуу  боюнча альтернативдүү тестирлөө ыкмаларды камсыз кылуу колдонулат.  

 АҮАЖ  жогоруда айтылгандардын   борборунда болот.

АҮАЖ алкагындагы  бенефициарлар  менен  –  үй чарбаларында адамдык капиталды топтоого багытталган  инвестицияларды стимулдаштыруу максатында  шартталган жөлөкпулдарды  киргизүү үчүн диагностика жана аналитикалык иштер боюнча сунуштарды даярдоо өткөрүлөт.

  1. Экинчи багыт: мурдагы долбоорун алкагында башталган  социалдык жардам алуучулар реестрди  (КИССЖ) өркүндөтүү;  борбордук жана регионалдык  деңгээлде  борбордук маалыматтар базасын жакшыртуу жана техникалык потенциалын өркүндөтүү,  анын ичинде керектүү жабдууларды   жеткирүү  боюнча  ЭСӨМгө  колдоо көрсөтүү  улантылат. 

Сунушталган долбоор   интеграциялоо  тутумдарын жана аларды  бара-бара  жер-жерлерде пландаштырылган  компьютерлештирүүгө  жараша ишке ашырууну  жана   пландоо,  мониторинг,  баалоо маалыматтарды алууну   колдойт.

3.Башка багыт: калктын аярлуу топторуна, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга карата улуттук саясатты бекемдөөнү колдоо.

ДБ реабилитациялоо мүмкүнчүлүктөрүнө  жана  индивиддин  болгон жөндөмдүүлүктөрүнө  көңүл  буруу  менен  заманбап ыкмаларга ылайык майыптыгын тариздөөнү  оптималдаштыруу  маселеси    менен   майыптыкты күбөлөндүрүү (МСЭК) боюнча диагностикалык сереп  тутумдарын  колдойт.

Долбоордун алкагында  МСЭКТтин  иш ыкмаларын өзгөртүү үчүн  сунуштарды так аныктоо аркылуу  жана акырындык менен жеке реабилитациялоо пландарына  өтүү  кадамдары жасалат.

Пайдалуу
Ссылкалар