Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү

Министр Кудайберген Базарбаев жамааттын алдында сүйлөп жатып, калктын, өзгөчө социалдык кызмат алуучулардын кызыкчылыктарын алга жылдыруу жана коргоо ишинде мамлекеттик кызматкерлердин өзгөчө жоопкерчилигин белгиледи.
“Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун руханий өнүгүү жана дене тарбия жөнүндө биринчи Жарлыгына ылайык мамлекеттик кызматчы бул адам өзү үчүн жашоо максаты элдин, жөнөкөй жарандын кызыкчылыктарына кызмат кылууну аныктаган киши деп белгиленет, бул татаал жана ошол эле учурда асыл иш, жана бул кызматты өмүр бою жогорку деңгээлде татыктуу алып баруу маанилүү”, – деди министр.
Иш-чаранын жүрүшүндө өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге ведомстволук дипломдор, сыйлыктар тапшырылды.
Пайдалуу
Ссылкалар