«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын июнь айынын экинчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 8 – 15 июнуна  чейин 2023 телефондон кайрылуу (же бир суткада 289 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 87 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 17 же 19,5% жаш балдардан, ал эми 70 же 80,5% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 68 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 6 абонентке психологиялык консультация берилди, 13 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

87 чалуунун ичинен эркектерден – 22 (же 25,3%), аялдардан – 65 (же 74,7%), балдардан – 17: анын ичинен эркек балдардан – 6 (же 35,3%), кыздардан – 11 (же 64,7%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 37;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү тууралуу– 10;

– БҮИТ борбору тууралуу маалымат – 7;

–  балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 6;

– башка суроолор менен – 6;

– аялдарга карата үй- бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 5;

– психологиялык жабырлануудан – 4;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 4;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 3;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 2;

– үй- бүлөлүк мамилелер жана чыр- чатактар тууралуу – 1;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 1;

– мектептеги рэкет тууралуу – 1.

1936 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 18 (же 20,7%);

– Ош облусунан – 17 (же 19,5%);

– Чүй облусунан – 13 (же 15,0%);

– Жалал-Абад облусунан – 8 (же 9,2%);

– Ысык- Көл облусунан – 6 (же 6,9%);

– Талас облусунан – 4 (же 4,6%);

– Баткен облусунан – 3 (же 3,4%);

– Ош шаарынан – 2 (же 2,3%);

– анонимдерден – 16 (же 18,4%).

Пайдалуу
Ссылкалар