6 ай ичинде 2022-жылы Нарын облусунун Жумгал районуна социалдык камсыздоого 80 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Нарын облусунун Жумгал районунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.
“Чаек айылында биздин министрлик эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте “социалдык контракт” пилоттук долбоорун ишке ашырды, анын алкагында 50 муктаж үй-бүлө өз ишин баштоого 100 миң сомдон алышты. Бул инвестициялар натыйжалуу болгонун көрүп жатабыз. Биз мындай долбоорлорду өлкө боюнча ишке ашырууну көздөп жатабыз”, – деди министр.
Жолугушуу жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү, алар ошондой эле райондун жашоочуларынын эң актуалдуу суроолоруна жооп беришти.
Иш-чарадан кийин Кудайберген Базарбаев жарандарды жеке кабыл алды.
Нарын облусунун социалдык муктаждыктарына жалпысынан Кыргыз Республикасынын 2022-жылга бюджетинен 1 миллиард 272 миллион сом бөлүнгөн. Ушул жылдын беш айында Министрлик облустун социалдык муктаждыктарына 600 миллион сомдон ашык каражат бөлгөн.
Пайдалуу
Ссылкалар