Аракети бар үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу үчүн Жалал-Абад облусуна 60 млн. сом бөлүндү
Бул жөнүндө КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев менен болгон жолугуушуда билдирди.
“Жалал-Абад облусу боюнча 600 бизнес долбоорду ишке ашырууга республиканын бюджетинен 60 миллион сом бөлүндү. Социалдык контракт долбоорунун алкагында “Үй бүлөгө көмөк” жөлөк пул алуучулары 100 миң сом грант алуу үчүн конкурска катыша алышат жана өз ишин ачканга мүмкүнчүлүк алышат, бул аларга жакырчылыктан чыгууга жардам берет”, – деди министрдин орун басары.
2022-08-09