Эмгек министри Кудайберген Базарбаев: Кыргыз жарандарын иш менен камсыз кылууга 11 млн сом жумшалат

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, 11 млн сом өлчөмүндөгү IT жабдуулары эмгек рыногунун маалыматтык тутумун кеңейтүү жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү үчүн региондук иш менен камсыз кылуу кызматтарына жөнөтүлөт.
Жабдуулар Германия Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча эл аралык кызматташтык боюнча Герман коому (GIZ) тарабынан “Ишке орноштурууга жана кесиптик окутууга көмөктөшүү”долбоорунун алкагында берилген. Шаардык жана райондук иш менен камсыз кылуу кызматтары видео конференциялык байланыш тутумдарын, ноутбуктарды, принтерлерди, чоң экрандарды, кеңсе техникаларын камтыган 300дөн ашык жабдыктарын алышат.
“Министрлик жарандардын ар кандай категориялары үчүн окуу курстарын, калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана алардын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу мониторингин камтыган санариптик платформаны иштеп чыгууда. Жаңы система эмгек рыногунун маалыматтык тутумунун функцияларын дагы кеңейтет. Системаны пилоттук түрүндө иштетүү үчүн 30 райондо жүргүзүлөт, алынган жабдуулар ишти натыйжалуу уюштурууга мүмкүндүк берет”, – деди министр.
Азыркы учурда “Жаштар стажировкасы” аттуу жаңы аспапты, ошондой эле майыптыгы бар адамдарды иш менен камсыз кылуунун келечегин жакшыртууга багытталган аспапты пилоттоо ишке киргизилди. Кудайберген Базарбаевдин айтымында, Германия менен кызматташуу бул долбоор менен гана чектелбейт.
“Биз Германиянын профилдик министрлигине кызматташтык жөнүндө меморандум жөнөттүк, бул биздин өз ара аракеттешүүбүздү системалуу жана натыйжалуу кылууга мүмкүндүк берет. Ушул жылы Эмгек министрлиги тарабынан 300 кыргызстандык “медайымдык иш”адистиги боюнча мыйзамдуу ишке орношуу үчүн Германияга барат. Иш бүткөндөн кийин алар Кыргызстанга жаңы билим, жаңы тажрыйба алып келишет”, – деди ал.
Германиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Габриэла Геллил айткандай, үстүбүздөгү жылы кыргыз-герман мамилелерине 30 жыл толду жана бул долбоор кызматташуунун кийинки 30 жылдык этабынын башталышы болушу мүмкүн.
Пайдалуу
Ссылкалар