«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын август айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 1августунан 1 сенябрына айына чейин 8102 телефондон кайрылуу (же бир суткада 261 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 244 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 65 же 26,6% жаш балдардан, ал эми 179 же 73,4% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 174 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 31 абонентке психологиялык консультация берилди, 39 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

244 чалуунун ичинен эркектерден – 66 (же 27,0%), аялдардан – 178 (же 73,0%), балдардан – 65: анын ичинен эркек балдардан – 19 (же 29,2%), кыздардан – 46 (же 70,8%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 56;

– психологиялык жабырлануудан – 31;

 – финансылык, гуманитардык жана башка жардам көрсөтүү тууралуу– 29;

-балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 28;

–  балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 22;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 15;

– башка суроолор менен – 13;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 12;

– БҮИТ борборунун иши тууралуу маалымат – 11;

-мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 10;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 9;

– билим берүү системасы боюнча – 7;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 1.

7858 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 67 (же 27,5%);

– Чүй облусунан – 48 (же 19,7 %);

– Ош облусунан – 21 (же 8,6%);

– Ысык- Көл облусунан – 18 (же 7,4%);

– Жалал-Абад облусунан – 16 (же 6,5%);

– Ош шаарынан – 11 (же 4,5%);

– Баткен облусунан – 8 (же 3,3 %);

– Нарын облусунан – 7 (же 2,9%);

– Талас облусунан – 5 (же 2,0 %);

– анонимдерден – 43 (же 17,6%).

Пайдалуу
Ссылкалар