Кыргызстанда Россияда ишке орноштуруу үчүн миграциялык борборлор ачылат
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.
“Москвага болгон иш сапарынын жүрүшүндө биз Сахароводогу миграция борборуна барып, таң калып, ал жерден жарандарыбызды араң таптык.
Кыргызстандыктар менен болгон сүйлөшүүнүн жүрүшүндө биз жарандарыбыздын сабатсыздыгынан пайда тапкан ортомчулар бар экендигин аныктадык.
Мисалы, Сахароводогу бардык уруксат документтери алуу үчүн болжол менен 7 миң рубль төлөшүңүз керек, ал эми ортомчулар эмгек мигранттарынан дээрлик 40 миң рубль алышат экен, тангалыштуусу алар биздин жарандар экен”, – деди министр.
Министрдин маалыматы боюнча жыл аягына чейин Кыргызстанда миграциялык борборлорду ачуу мүмкүнчүлүгүн караштырган орусиялык кесиптештеринин келиши күтүлүүдө, аларды ишке киргизүү менен эмгек мигранттарына өлкөдөн чыкпай эле бардык уруксат документтерин алууга шарт түзүлөт.
2022-10-11