Элеттеги аялдырдын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарттар түзүлүүдө
Араван районунда КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова менен жаңы пилоттолуп жаткан “Жаштар стажировкасынын” катышуучулары менен кезигүү болду.
Бул активдүү иш-чара Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) “Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана кесипке окутуу” долбоорунун колдоосу менен министрлик тарабынан иштелип чыгып, иш жүзүндө ашып жатат.
Жети айдын ичинде Министрликтин аймактык бөлүмү 50 дөн ашык жаштарды стажировкага кийим тигүүчү фабрикаларга жана банктарга жиберип, алардын көбү кийин жумушка орношкон. Кездешүүдө кыз-келиндер өздөрүнүн тажрыйбаларын жана алдыдагы пландарын айтып беришти.
Ошондой эле, Араванга болгон иш сапарда Жылдыз Полотова №112 – кесиптик лицейдеги жүргүзүлүп жаткан долбоор менен таанышты.
Кесиптик лицей, Араван райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы жана “Женский банк мира” атту бейөкмөт уюму менен биргеликте айылдардагы 100гө жакын жумушсуз кыз-келиндерди тикмечилике үйрөтүп, тигилген буюмдарды ири соода жайларында сатыкка чыгарууда.
2022-10-27