Кыргыз Республикасынын Эмгек министрлиги менен MSDSP KG Коомдук Фондунун (Кыргызстандагы тоолуу аймактардагы коомдорду өнүктүрүүнү колдоо программасы) ортосундагы “Аракетчил” долбоорунун жыйынтыктоочу форум-көргөзмө болуп өттү
“Аракетчил” долбоору жаштарга Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерди үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берди. Долбоордун максаты –
долбоордун 41 максаттуу коомчулугунда 4000 жаш аялдар менен эркектерди жумуш менен камсыз кылууга жана ишке орношуусуна көмөк көрсөтүү.
Бул долбоор MSDSP KG Коомдук Фондунун (Кыргызстандагы тоолуу аймактардагы коомдорду өнүктүрүүнү колдоо программасы) демилгеси менен эки багытта ишке ашырылды Биринчиси, чакан гранттар аркылуу алардын бизнесин өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү, ишкердикти үйрөтүү. Экинчиси, кесиптик билим берүү. Долбоор ошондой эле жумуш орундарын түзүүгө, жумушсуздукту кыскартууга жана жумуштуулукту жогорулатууга да тартылган.
Техникалык жана кесиптик билим берүү үчүн даярдоо программасы төмөнкүдөй кесиптерди камтыды: тигүүчү, электрик, автослесарь, агроном, официант, ветврач, электр жана газ менен ширетүүчү, сантехник, чачтарач, компьютер оңдоочу, ашпозчу жана гид.
Долбоордун алкагында 2019-жылдын апрель айынан баштап төмөндөгүлөр ишке ашырылды:
– Техникалык жана кесиптик билим берүүнүн алкагында – 1421 адам окутулду;
– Ишкердикке окутуунун алкагында – 392 адам окутулду;
– Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча окутуунун алкагында – 1020
адам окутулду;
– 30 жалпы кызыкчылык топтору түзүлгөн жана технологиялык жабдуулар менен
жабдылды;
– Техникалык жана кесиптик билим берүү боюнча 24 окуу борборлору 120 компьютер
менен жабдылды;
– Ишканаларды өнүктүрүүгө 64 субгрант берилди.
“Аракетчил” долбоору Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен Дүйнөлүк Банк менен өнөктөштүктө түзүлгөн. Жыйынтыктоочу форум-көргөзмө долбоордун катышуучулары да сөз сүйлөп, өз эмгектерин көргөзмөгө коюшту.
2022-11-19