Эмгек министрлигинин кызматкерлери Узбекистандагы кесиптештери менен тажирийба алмашышты

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери GIZ тин “Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана кесиптик окутуу” программасынын алкагында Ташкент шаарында уюштурулган иш сапары учурунда Узбекистан Республикасынын Иш менен камсыз кылуу жана эмгек мамилелери министрлиги менен иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатында тажрыйба алмашуу өтүүдө.
Иш сапар учурунда Узбекистан Республикасынын Иш менен камсыз кылуу жана эмгек мамилелери министрлигинин кызматкерлери акыркы төрт жыл ичинде жумушсуздарды иш менен камсыз кылуу, формалдуу эмес экономиканын дэнгээлин кыскартуу, чет мамлекеттерге кеткен жарандарды легалдуу ишке орноштуруу жана эмгек мигранттардык өз укуктарын коргоо боюнча жургузуп жаткан иштер маалымат берилди.
Ошондой эле практика жүзүндө биринчилерден болуп Министрликтин астында кыска мөөоттү курстарга окутуу боюнча ачылган Ташкент шаарынын Моноцентринде алып барып жаткан иш чаралары жана укуктук ченемдик актылары менен таанышышты.
Министрликтин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу максатында (жаны ишке киргенде, кызматынан көтөрүлгөндө, укуктук ченемдик актылардын өзгөрүлгөн учурунда жана үч жылда бир жолу) квалификацияны жогорулатуу борборунун ишмердуулугу боюнча тажрыйба алмашуу болду.
Пайдалуу
Ссылкалар