Министр К.Базарбаев Нурлуу балдар”борборуна барды
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо жана өнүктүрүү “Нурлуу балдар”борборуна барды.
Кудайберген Базарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун атынан балдар борборунун 22 тарбиялануучусуна кышкы куртка, бут кийим тапшырды.
Министр борбордун жамаатынын алдында сүйлөп жатып, учурда мамлекет өлкөнүн социалдык секторуна өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.
“Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров мамлекеттин саясатындагы социалдык секторду өнүктүрүүнү артыкчылыктуу багыт катары аныктады. 2022-жылы эле мамлекет башчысынын демилгеси менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пул эки эсе көбөйтүлдү, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жөлөк пул көбөйтүлдү, социалдык мекемелердеги тамак-аш нормалары эки эсе көбөйтүлдү”, – деди министр.
“Нурлуу балдар” борборунда 3 жаштан 17 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелген, Аутизм, ДЦП (церебралдык шал), ЗБР (психикалык өнүгүүсүнүн кечеңдеши) диагнозу коюлган балдар жана башкалар билим алышат.
Ошондой эле балдар менен логопеддер, психологдор, дефектологдор иштешет, дене тарбия, массаж жана башкалар үчүн окуу бөлмөсү бар.
“Нурлуу балдар” борбору 2021-жылы Балыкчы шаарындагы ДМЧ балдардын ата-энелеринин демилгеси менен ачылган, борбор үчүн жай жергиликтүү администрация тарабынан берилген, ал дагы коммуналдык кызматтарды жана борбордун кызматкерлеринин эмгек акысын төлөйт.
2022-12-22