Социалдык чөйрө Президент тарабынан болуп көрбөгөндөй көңүл бурулуп жатат
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев адам укуктарын коргоонун Эл аралык күнүнө карата Адам укуктары боюнча улуттук диалогдун жүрүшүндө билдирди.
Бул майрам дүйнөлүк коомчулук тарабынан 1948-жылдан бери, жыл сайын, 10-декабрда белгиленип келет. Министрдин айтымында, Кыргыз Республикасы конвенциялар боюнча өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерин аткарат.
“Кыргыз Республикасынын мыйзамдары адам укуктарынын эл аралык стандарттарына толук шайкеш келет жана калктын бардык катмарынын, биринчи кезекте аялуу катмарлардын инклюзивдүүлүгүн кепилдейт. Мындан тышкары, биз баарыбыз Президенттин социалдык камсыздандырууга болуп көрбөгөндөй көңүл бурганын көрүп жатабыз.
Көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу бир жылга жетпеген убакытта бардык социалдык төлөмдөр 100дөн 200% га чейин көтөрүлдү. Бала кезинен майыптуулук тобу тарабынан СМБнын чоңдору үчүн “Жеке ассистент” кызматын алууга чектөөлөр алынып салынды”, – деп белгиледи Кудайберген Базарбаев.
Диалогдун жүрүшүндө эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өз ишмердүүлүгүндө мигранттар жана качкындар, аялдар жана балдар, жумушчулар жана майыптыгы бар адамдар сыяктуу жарандардын категорияларынын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого багытталган иш-чараларды жүргүзүп жаткандыгы айтылды.
Бул иш максатка багытталган жана комплекстүү мүнөзгө ээ, туруктуу өнүгүүнүн максаттарына шайкеш келет жана:
улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү;
институттук механизмди өнүктүрүү;
финансылык жана социалдык жактан колдоо;
эл аралык жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу.
Бул иш-чараны Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова уюштуруучу катары ачты, ага Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Карим Ханжеза, Кыргыз Республикасындагы БУУ системасынын Туруктуу координатору Антье Граве жана башкалар катышты.
2022-12-22