Россияга иштөөгө бара турган жарандар эми Кыргызстандан чыкпай эле бардык уруксат кагаздарды алууга мүмкүнчүлүк түзүлө баштады
Бишкекте Россия Федерациясынын “Паспорттук-визалык сервисинин” филиалдарын ачуу боюнча уюштуруу суроолору талкууланды
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жана Россия Федерациясынын “Паспорттук-визалык сервис” федералдык мамлекеттик унитардык ишканасынын башкы директорунун кеңешчиси Олег Костюк Кыргызстанда ФМУИ филиалдарын ачуу боюнча уюштуруу суроолорун талкуулашты.
Бул жолугушуу министрдин үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Москва шаарындагы “Сахарово” миграциялык борборуна баруусунун уландысы болду. Ошондо Кудайберген Базарбаев Кыргызстандын жарандарына эмгек ишмердигин жүргүзүү үчүн Россия Федерациясына чыгууга уруксат берүүчү документтерди алууну жеңилдетүү үчүн өкүлчүлүк ачуу тууралуу келишимге жетишкен.
Азыркы учурда Бишкек жана Ош шаарларында “Сахарово” өкүлчүлүгүн ачуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
2022-12-22