565тен ашык майыптыгы бар жарандар эмгек министрлигинин жардамы менен 2022-жылы активдүү чараларга тартылды
Бул туралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министири Кудайберген Базарбаев “Бирдей мүмкүнчүлүккө – чек жок” иш чарасынын алкагында Кыргыз Республикасындагы ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызды иш менен камсыз кылып мамлекетке салымын кошкон ишкерлерге “Чексиз” Жумуш берүүчүлөрдүн биринчилиги” наамын ыйгаруу аземинде айты.
“Биздин өлкөдө 205 миң адам (2022-жыл) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран катары каттоодо турат, анын ичинен 29 миң адам экономикалык ишмердүүлүк менен алектене алат. 2022-жылга бекитилген квотага – иш берүүчүлөр 669 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамды иш менен камсыз кылышы керек эле. Бирок иш менен камсыз кылуу кызматынын жардамы менен 185 адам ишке орношкон. Ал эми эмгек рыногундагы активдүү иш-чараларга (коомдук акы төлөөнүүчү жумуштар менен кесиптик окутуу) 380 адам тартылган” – деп министр К.Б.Базарбаев белгиледи.
Министрликтин “Чексиз” онлайн-сурамжылоосуна 154 иш берүүчү мекемелери активдүү катышып, жыйынтыганда мамлекеттик жана жеке мекемелер арасынан 23 ишкана тандалып биринчиликке чыгышты. Алардын катарында Кадамжай райондук билим берүү бөлүмү, Кочкор районунун М.Мусулманкулов атындагы Балдар искусство мектеби, Кара-Буура районунун “Нурдин” кафеси, Балыкчы шаарынын “Сладости Муслим” жеке ишканасы, Бишкек шаарынын №1 үй-бүлөлүк медицина борборуну, Аксы районунун “Билимкана-Кербен” мектеби жана башкалар Министрликтин “Чексиз” айкелине ээ болушту.
Ошондой эле, министр ишкерлерге ыраазычылыгын билдирип, жакшы каалоо тилектерин айтуу менен, бул үлгүлөр бардык иш берүүчүлөр үчүн жакшы башталыш катары кызмат кылышы керек экендигин белгилеп кетти.
2022-12-22