ЖК Төрагасы Нурланбек Шакиев Сокулуктагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн реабилитациялык борборго микроавтобус тапшырды

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Сокулуктагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн реабилитациялык борборго микроавтобус тапшырды.
Унааны өткөрүп берүү аземине эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Аманкан Кенжебаев, Карим Ханжеса, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурила Алымбаев жана башкалар катышты. Унаа ЖК төраганын жеке фондунун каражатына алынды.
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев чогулгандардын алдында сөз сүйлөп жатып, мамлекеттик, коомдук институттар мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын көйгөйлөрүнө өзгөчө көңүл буруп, бул категориядагы жарандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүшү керек деп белгиледи. Ошондой эле спикер Сокулук борбору үчүн жаңы корпус куруу боюнча көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну өз сөзүндө белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Сокулук ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн реабилитациялоо борборунда 76 жашка чейинки 18 бала туруктуу негизде кызмат көрсөтөт.
Пайдалуу
Ссылкалар