Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги тарабынан социалдык мекемелерди инспекциялоо боюнча иштер улантылууда
Нижне Серафимовка Батыш Салиева атындагы улгайган жана ДМЧА үчүн социалдык стационардык мекемесин, Токмок психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесин текшерүү жүргүзүлдү. Ошондой эле Жайыл психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинин иши да текшерилди.
Инспекциянын жүрүшүндө кампаларда тамак-аш продуктуларынын жетиштүү запасы, кызмат алуучулардын шарттары, электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо, көмүрдүн болушу, мекемелердин кызматкерлеринин нөөмөт жүргүзүүсү текшерилди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө социалдык мекемелер иш графикке ылайык иш жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталды.
2023-01-09