Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги тарабынан социалдык мекемелерди инспекциялоо боюнча иштер улантылууда
Чүй облусундагы Жайыл аялдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде жана Талас облусундагы Бакай-Ата карылар жана ДМЧА үчүн социалдык стационардык мекемесинде текшерүү жүргүзүлдү.
Инспекциянын жүрүшүндө кампаларда тамак-аш продуктуларынын жетиштүү запасы, кызмат алуучулардын шарттары, электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо, көмүрдүн болушу, мекемелердин кызматкерлеринин нөөмөт жүргүзүүсү текшерилди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө социалдык мекемелер иш графикке ылайык иш жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталды.
2023-01-09