Эмгек министрлиги, Энергетика министрлиги менен биргеликте “Нур Кубат” долбоорун ишке ашырууга ниеттенүүдө

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Энергетика министрлигинин өкүлдөрү жана кызыкдар тараптар менен жолугушууда билдирди.
“Жакыр үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүнү күчөтүү максатында 2022-жылдын 23-декабрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы А.У. Жапаров кол койгон буйругун ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен бирдикте “Нур Кубат”долбоорун пилоттук режимде ишке ашырууга атанды.
“Нур Кубат” долбоордун алкагында “Үй бүлөгө көмөк”
жөлөкпул алган Чүй облусунун Чүй жана Жайыл райондорунда жашаган үй-бүлөлөргө кубаттуулугу 5 тен 10 кВт/ч күн батареялары акысыз берилет.
Ошол эле учурда, күн батареялары иштеп чыккан бардык электр энергиясы жөлөкпул алуучулар тарабынан колдонулат, ал эми ашыкчасы мамлекет тарабынан сатылып алынат”, – деди министр.
Пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашырылсаа, Эмгек министрлиги, Энергетика министрлиги менен биргеликте “Нур Кубат” долбоорун республика боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жайылтуу ниетинде.
Азыркы учурда жалпы “Үй бүлөгө көмөк”жөлөкпул алуучулардын саны республика боюнча 106,7 миң үй-бүлө түзөт.
Пайдалуу
Ссылкалар