РПОБМнин адистери лицейлердин окуучуларын протезди жасоого үйрөтөт
КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жана Республикалык илимий-методикалык борбор кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту, анын алкагында РПОБМнын базасында протездик-ортопедиялык буюмдарды өндүрүү жана бут кийимдерди даярдоо боюнча адистерди окутуп, стажировкадан өткөрүп, кийин ишке орноштурушат.
Ошондой эле Жалал-Абад жана Нарын шаарларында кесиптик лицейлердин базасында РПОБМнин мастерлери адистерди практикада түрүндө окутушат.
Окутуунун жыйынтыгы боюнча адистер кесиптик билим берүүнүн тиешелүү деңгээли жөнүндө диплом алышат.
Статистика и объявления
Продвигать публикацию
2
2023-01-10