Нарын райондор аралык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кадрдык резервине кабыл алуу үчүн ачык конкурстук тандоону жарыялоо
Нарын райондор аралык эмгек, социалдык миграция башкармалыгы Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат» жөнүндөгү №125 Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө» №24 Жарлыгына ылайык Нарын райондор аралык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жогорку жана кенже кызмат орундарын ээлөөгө кадрдык резервге кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт.
Конкурс томөнкү кадамдарды камтыйт:
-сынактын катышуучуларынын документтеринин мамлекеттик кызматчыларга коюлган талаптарга шайкештигин кароо;
-Талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Кадр кызматынын Түндүк аймактык өкүлчүлүгү тарабынан компьютерлик тестирлөөдөн өткөрүү.
-Аңгемелешүү.
Кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:
1)Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
-Жогорку билим (гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникалык илимдер).
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта бир жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн талапкерлер тесттик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:
– төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
3.Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
4.Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
5.Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
7.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы;
10.Кыргыз Республикасынын «Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү» Мыйзамы;
11.Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
13.Кыргыз Республикасынын «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамы;
14.Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
15.Кыргыз Республикасынын “Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө” Мыйзамы;
16.Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы.
2)Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
-Жогорку билим (гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникалык илимдер).
– иш стажына талаптарды койбостон.
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн талапкерлер тесттик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:
– төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
4.Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы;
5.Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
6.Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы;
8.Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;
9.Кыргыз Республикасынын «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамы;
10.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;
Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:
–Жеке арызы;
-Резюме(электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баяны(сот жообуна тартылбагандыгы жөнүндө маалымдама);
-Негизги жана кошумча билимин ырастоочу документтеринин мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
-Эмгек китепчесинин (иш стажысы бар болсо)мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
-Илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документеринин (бар болсо)мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
-Папорттун көчүрмөсү ( түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт);
– Конкурска документтерди кабыл алуу жарыяланган күндөн тартып 10 күн ичинде кабыл алынат. Конкурска катышуу үчүн документтер делого тиркелип, Нарын шаарындагы Б.Насыров көчөсү № 2 –дарегиндеги Нарын райондор аралык Эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына тапшырылууга тийиш.
Сурап билүү байланыш номер: 0(3522) 5- 04- 76 :
Квалификациялык талаптарга жооп бербеген талапкерлер конкурска чакырылбайт.