Кадамжай районунда ур токмокко алынган жашы жете элек бала тууралуу болгон окуя боюнча Эмгек министрлиги тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат

2021-жылы туулган жашы жете элек А.Х.Б. апасы тарабынан зомбулук көрсөтүлүп, сабалгандыгы тууралуу маалымат интернет булактарына чыккан.
Аталган маалымат боюнча райондук ички иштер бөлүмүнө 27.01.2023-жылы иш катталып, тергөөгө чейин текшерүү иштери башталып, текшерүү учурунда төмөнкүлөр аныкталды.
М.Шнын үч жаш өспүрүм баласы бар. Жаш өспүрүмдүн ата-энеси өз ара пикир келишпестиктин айынан 2023-жылдын 5-январында өзүнүн уюлдук телефону аркылуу кызын уруп, сабагандыгы боюнча тартып кыздын атасы Б.А. жөнөткөн.
Аталган факты боюнча жаш бала А.Х. Б. карата соттук-медициналык жана соттук-психолого психиатриялык экспертизалар дайындалган. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө амалдары журуп жаткандыгын райондук ички иштер бөлүмү тарабынан билдирилди.
2023-жылдын 30-январында Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдар иши боюнча комиссияда каралып, балдарды коопсуз жайга жайгаштыруу боюнча комиссиянын чечиминин негизинде Совет айыл аймагында жайгашкан “Кут кадам” үй-бүлө типиндеги үйүнө жайгаштырылды.
Ошондой эле, Кадамжай райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалык тарабынан М.Ш. үч баласына “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу 01.07.2022-жылдан 30.06.2023-жылга чейин чегерилип, айына 3 600 сом алып келет.
Пайдалуу
Ссылкалар