«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын январь айынын иши тууралуу маалымат
«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2023 – жылдын 1 – январынан 1 – февралына чейин 6212 телефондон кайрылуу (бир суткада 200 чалуу) түшкөн.
Анын ичинен 218 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 57 же 26,1 %) жаш балдар, ал эми 161 же 73,9 % чоң кишилер), 173 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 24 абонентке психологиялык консультация берилген, 21 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.
218 чалуунун ичинен: эркектерден – 52 (23,8%), аялдардан – 109 (50,0%), эркек балдардан – 8 (3,7%), кыздардан – 49 (22,5%).
Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:
– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 72 (балдар 2);
– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 26 (балдар 4);
– балдарды тарбиялоо, анын журум туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 24 (балдар 15);
– психологиялык жабырлануу менен – 21 (балдар 17);
– билим берүү системасы жөнүндө – 13 (балдар 2);
– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 12 (балдар 6);
– үй- бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 11 (балдар 1);
– БУИТ борборунун иши жөнүндө маалымат – 11 (балдар 6);
– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 8 (балдар 1);
– үй бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 7 (балдар 2);
– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 5 (балдар 0);
– медициналык камсыздоо жөнүндө – 4 (балдар 1);
– башка маселелер боюнча – 4 (балдар 0 ).
5994 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.
Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат.
Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:
– Бишкек шаарынан – 55 (25,2%);
– Чүй облусунан – 35 (16,1%);
– Ош облусунан – 28 (12,8%);
– Ош шаарынан – 17 (7,8%);
– Жалал-Абад облусунан – 12 (5,5%);
– Ысык- Көл облусунан – 11 (5,0%);
– Талас облусунан – 6 (2,8 %) ;
– Нарын облусунан – 5 (2,3%);
– Баткен облусунан – 3 (1,4%);
– жашырын чалуулар (анонимдерден) – 46 (21,1%).