Министрлик татыктуу карылыкты камсыз кылууга багытталган чараларды ишке ашырууда
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев БУУнун Кыргыз Республикасындагы калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) жаңы башчысы Бактыбек Кайназаров менен жолугушуу учурунда билдирди.
“Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров тарабынан улгайган адамдардын муктаждыктарына өзгөчө көңүл бурулууда.
Алсак, Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында бардык жарандардын бакубаттуулугун жакшыртууга багытталган программалар ишке ашырылууда, мында адамга багыт алуу жана туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын “эч кимди артта калтырбоо”негизги милдеттенмесине басым жасалууда.
2025-жылга чейин Кыргыз Республикасында улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча иш-чаралар планы ишке ашырылууда. Улгайган жарандарды социалдык жактан коргоону камсыз кылуу үчүн жыл сайын пенсиялардын өлчөмү индексацияланат, тилектештик пенсиясынан тышкары, жарандардын пенсиялык топтоо фондуна акча салууга мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү жогорулатылууда, улгайган жарандардын социалдык стационардык мекемелерде болуусунун жана үйүндө багуусунун шарттары жакшыртылууда.
Социалдык кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүү жана мамлекеттик социалдык заказдын алкагында социалдык кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик эмес секторду колдоо формаларын кеңейтүү жолу менен улуу муундун мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга чоң көңүл бурулууда.
Ошондой эле аялдардын укуктарын коргоо мамлекеттин башкы көзөмөлүндө болуп, жыл сайын аялдардын көйгөйлөрүн талкуулоо үчүн натыйжалуу аянтча болуп саналган Улуттук аялдар форуму уюштурулуп турат. Өткөн жылдын апрель айында өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча жергиликтүү кеңештерде аял депутаттардын үлүшү 10% дан 39% га чейин өстү. Акыркы Жогорку Кеңешке шайлоодо ар бир үчүнчү депутат аял жынысындагы жаңы гендердик квота менен өттү. Кошумчалай кетсек, Эл аралык эксперттер Кыргызстан Азия-Тынч океан аймагындагы 56 өлкөнүн арасында аялдардын укугун коргоо көрсөткүчтөрү боюнча лидер экенин белгилешет”, – деди министр.
Өз кезегинде Бактыбек Кайназаров анын алкагында ЮНФПА өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан бардык багытар боюнча кызматташууга жана өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин билдирди.
2023-02-24