Эмгек министрлиги Болгарияда кыргызстандыктардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгууда
Эмгек министрлиги Болгарияда кыргызстандыктардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгууда
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Болгариянын туризм министри Ильин Димитров менен жолугушууда билдирди.
Жолугушууда министрликтер ортосундагы Болгариядагы Кыргызстандын жарандарын туризм тармагында ишке орноштуруу жаатында кызматташуунун келечеги талкууланды.
“Президент С.Н. Жапаровдун “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө ” Жарлыгынын алкагында министрлик эмгек рыногун диверсификациялоого, Эмгекчилердин жаңы натыйжалуу көндүмдөрүн жана билимдерин алуу үчүн жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу географиясын кеңейтүү үчүн шарттарды түзүүгө, иштеп жаткан мезгилде жарандардын чет өлкөлөрдө коопсуз жүрүүсү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган чараларды көрүп жатат.
Алсак, 2022 – жылы Эмгек министрлигинин көмөгү менен 1500 Кыргызстандын жараны Улуу Британияда Айыл чарба иштерине жумушка орношкон, Германия менен кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлган, кыргызстандыктардын Венгрияга жумушка орношуу келечеги каралууда”, – деди министр.
Тараптар кызматташуу жөнүндө макулдашууну даярдоону макулдашышты, анын алкагында Кыргызстандын жарандарын Болгарияда жумушка орноштуруу үчүн шарттарды түзүү боюнча иштер жүргүзүлөт.
2023-02-24