Эмгек министрлиги муктаж болгон жарандарга жардам берүү үчүн Япония менен байланышты бекемдөөгө ниеттенүүдө
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев бүгүн 18-январда, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Года Хидеки мырза менен эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Покровка ССПУНУН директору Сапаралиев Асанкан ортосундагы грант-контрактка кол коюу аземинде билдирди.
“Биздин министрлик япониялык өнөктөштөр менен кызматташууга даяр жана ачык. Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө” Жарлыгынын алкагында эмгек министрлиги Кыргызстандын жарандарынын Японияда ишке орношуусу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган чараларды иштеп чыгууда.
Ошондой эле өткөн жылы Япония элчилигинин жардамы менен Чүй облусундагы социалдык мекемелерге гуманитардык жардам көрсөтүлгөн. Биз сиздер менен тыгыз кызматташууга даярбыз”, – деди министр.
Япония Өкмөтүнүн “Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу” гранттык программасынын алкагында Талас облусундагы Покровка аралаш психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине УЗИ терапия аппараты, стоматологиялык аппарат, кир жуугуч машина, унаасы берилет. Жалпы суммасы 98 160 АКШ долларын түзгөн жардам берилди.
2023-02-24