Мал чарбачылыгын жүргүзүү үчүн ар бир алтынчы социалдык контракт долбоору иштелди
Мал чарбачылыгын жүргүзүү үчүн ар бир алтынчы социалдык контракт долбоору иштелди
Социалдык контракт оор турмуштук кырдаалдан чыгуу боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүнүн жаңы Активдүү чарасы болуп калды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 2022-жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.
“Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен министрлик өткөн жылдан бери жаңы Активдүү чараны ишке киргизип, социалдык контракт түзүп, аз камсыз болгон үй – бүлөлөргө өз ишин ачууга 100 миң сомдон акысыз берип келет. Ийгиликтүү пилоттоштуруудан кийин 100 үй – бүлө-пилоттук социалдык колдоодон баш тартып, киреше ала баштаганда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун чечими менен үй-бүлөлөрдүн саны 2 800гө чейин көбөйтүлгөн.
Биздин талдоо көрсөткөндөй, социалдык келишим түзгөндөрдүн дээрлик 60% мал чарбачылыгы менен алектенсе, 19% тигүү иши менен алектенишкен. Үй – бүлөлөрдүн дагы 7% ы чакан соода тармагында бизнес ачса, 3% ы тамак-аш жана такси кызматтарын көрсөтүшөт. Брусчатка жасоо, автомобилдерди оңдоо, ширетүү, күнөсканаларды ачуу ж.б. боюнча долбоорлор бар”, – деди министр.
Анын айтымында, социалдык контракттын катышуучулары ишкердик ишмердүүлүктүн негиздери, бизнес-пландарды түзүү боюнча алдын ала окуудан өтүштү. Министрликтин аймактык бөлүмдөрү тарабынан долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүлүүдө.
Все реакции:
Вы, Erkegul Togonbaeva и ещё 67
2023-02-24