Өндүрүштөгү кырсыктардан жабыркагандарга жыл ичинде 33 млн сомдон ашык акча төлөндү

Өндүрүштөгү кырсыктардан жабыркагандарга жыл ичинде 33 млн сомдон ашык акча төлөндү
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, 2022 – жылы 816 текшерүү жүргүзүлгөн (2021-жылы 28), анын ичинде 401 мамлекеттик эмес ишканаларды текшерүү жана 415 мамлекеттик ишканаларды текшерүү.
Эмгек мыйзамдарын 1402 бузуу аныкталган, 378 милдеттүү түрдө аткарууга милдеттендирилген, 1,2 млн сом айып салынган. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча иш берүүчүлөр тарабынан кызматкерлерге 8,0 млн сом суммасында мөөнөтү өткөн эмгек акы төлөнгөн.
Ошондой эле 110 өндүрүштүк кырсыкка тергөө иштери жүргүзүлүп, анда 132 адам жабыркаган. Кырсыктарды иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча жабыркагандарга зыяндын ордун толтуруу боюнча 33,1 млн сом суммасында компенсация төлөнгөн. Дагы 2,6 миң жаран эмгек укуктары боюнча консультацияларды алышты.
Пайдалуу
Ссылкалар