Эмгек министрлиги өлкөдө жумуш орундарын уюштуруу үчүн эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүүгө даяр
Эмгек министрлиги өлкөдө жумуш орундарын уюштуруу үчүн эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүүгө даяр
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кыргызстандагы GIZ өкүлчүлүктүн жаңы жетекчиси Виктор Вецель менен жолугушуу учурунда билдирди.
“GIZ менен бирдикте министрлик республиканын 33 районунда жаштарды, кайтып келген эмгек мигранттарын, майыптыгы бар адамдарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле аялдар үчүн ар кандай кесиптеги көндүмдөргө үйрөтүүгө багытталган пилоттук долбоорду ишке ашырууда. Ошондой эле аталган райондорго заманбап оргтехника, видеоконференция байланыш системалары берилди, облустук борборлордо кесипке багыт берүүчү борборлор ачылды”, – деди министр.
Өз кезегинде Виктор Вейцель Мырза министрлик менен мамилелерди өнүктүрүүгө жана өз ара аракеттенүүнү башка багыттарда кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди.
2023-02-24