Эмгек министрлигинде Германиядан келген Элдик курултайдын делегаты Нурлан Мукаш жана Германиядагы бизнес компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

Эмгек министрлигинде Германиядан келген Элдик курултайдын делегаты Нурлан Мукаш жана Германиядагы бизнес компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Германияда чет өлкөлүк жарандарды ишке орноштуруу менен алектенген бизнес-компаниялардын жетекчилерин жана өкүлдөрүн кабыл алды.
Тараптар Кыргыз Республикасынын жарандарын Германия Федеративдүү Республикасында ишке орноштуруу, немис тилин үйрөнүү, алдын ала даярдоо, ошондой эле 2022-жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Германиянын ишке орноштуруу Федералдык агенттигинин ортосунда Германияга Кыргыз Республикасынын жарандарын мыйзамдуу ишке орноштуруу чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумдун алкагында Бишкек шаарында борбордун жана атайын даярдоо курстарынын ачылышын талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Германияда Кыргызстандын жарандарын ишке орноштуруу жана иш менен камсыз кылуу тармактарын андан ары кеңейтүү жаатында мындан аркы кызматташуу жөнүндө чечим кабыл алынды.
Пайдалуу
Ссылкалар