Эмгек министрлигине караштуу реабилитациялык борбор өлкөнүн бейөкмөт уюмдары менен өз ара аракеттенүүгө даяр Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан жаңы “Келечек”реабилитациялык борборунда коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү.

Эмгек министрлигине караштуу реабилитациялык борбор өлкөнүн бейөкмөт уюмдары менен өз ара аракеттенүүгө даяр
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан жаңы “Келечек”реабилитациялык борборунда коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүн “Келечек” реабилитациялык борборунун ишмердүүлүгү менен тааныштыруу, майыптыгы бар адамдарга жардам көрсөтүү маселелери боюнча өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн кароо болуп саналат.
Реабилитациялык борбордун иши комплекстүү реабилитациялык кызматтарды көрсөтүү, жекече мамиле кылуу жана алардын коомго интеграцияланышына көмөк көрсөтүү аркылуу майыптыгы бар балдардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган.
Реабилитациялык борбордун базасында реабилитациялык:
– консультациялык-диагностикалык бөлүм;
– медициналык-социалдык реабилитациялоо бөлүмү (физиотерапиялык дарылоо, прафино-озокеритотерапия, дарылоо массажы, стамотологиялык дарылоо, ДФК);
– психологиялык-педагогикалык реабилитация бөлүмү (логопедиялык жана дефектологиялык коррекциялар, психотерапия, колдун, манжалардын тактилдик стимулдаштыруучу массажы, майда моториканы өнүктүрүү, предметтик оюндар, Компьютердик оюндар, эрготерапия, агротерапия, артотерапия, музыкотерапия, сенсордук бөлмөнү колдонуу ж. б.) ж. б.
Реабилитациялык борборго кабыл алуу МСЭКтин же майыптыгы бар бала жашаган жердеги жалпы дарыгерлик практика борборлорунун (ЖДПБ) дарыгерлеринин сунуштамасына ылайык Министрликтин аймактык бөлүмүнүн жолдомосу боюнча жүргүзүлөт.
Пайдалуу
Ссылкалар