Эмгек министрлиги мекенине кайтып келген мигранттарды колдоого басым жасайт

Эмгек министрлиги мекенине кайтып келген мигранттарды колдоого басым жасайт
Эмгек министрлиги, мекенине кайтып келген эмгек мигранттарын ишке орноштуруу, жеке бизнесин ачуу жана аны алып кетүү программаларына тартуу боюнча жаңы активдүү чараларды киргизүүгө багыт алды.
Учурда бул иш-чараларды пилоттук түрдө Ала-Бука, Баткен, Ноокат райондорунда жана Бишкек, Жалал-Абад.шаарларынын калкты ишке орноштуруу кызматтарында «Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик билим берүүгө көмөктөшүү» долбоорунун алкагында GIZ уюмунун колдоосу менен жүргүзүлүүдө.
Пилоттук долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу жана анын инструменттерин андан ары республика боюнча ишке ашыруу максатында аталган иш менен камсыз кылуу кызматтарынын кызматкерлери үчүн окуулар өткөрүлдү.
«Иш менен камсыз кылуу кызматынын кызматкерлери кайтып келген эмгек мигранттарынын жана жумушсуз калктын арасынан потенциалдуу ишкерлерди тандоону үйрөнүп, аларды ишке орноштурууга, жана кесипке үйрөтүүгө көмөктөшүүдө. Өлкөнү өнүктүрүүдө, биз миграцияны кесиптик тажрыйба алуу, көндүмгө ээ болуу сыяктуу аспектилерин да эске алышыбыз керек. Кайтып келген эмгек мигранттары өлкөбүздө өз бизнесин ачып, жумуш орундарын түзүп жаткан ийгиликтүү мисалдар бар. Министрлик мындай жарандарга калкты иш менен камсыз кылуунун ар кандай активдүү формалары аркылуу колдоо көрсөтүүгө даяр», – деди өз сөзүндө министрдин орун басары Жылдыз Полотова.
Пилоттук долбоорлор ошондой эле кайтып келген мигранттарды региондук социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашырууга тартууга, ишкердиктин негиздерин окутуу аркылуу бизнести ачуу жана жүргүзүү боюнча жергиликтүү демилгелерди колдоого багытталган.
Пилоттук долбоорлордун негизги багыттарынын бири болуп алардын, эл аралык уюмдардын программаларын, ошондой эле жаңы баштаган бизнесмендерге насаатчылык колдоо көрсөткөн бизнес-компаниялардын картасын түзүү саналат.
Пайдалуу
Ссылкалар