2023-жылдын 28-февралында “Оэйсис” Коомдук Кайрымдуулук Фонд тарабынан “Интернат тибиндеги мекемелердин бүтүрүүчүлөрүн социалдык коштоо” коомдук пайдалуу долбоорун ишке ашыруунун алкагында,
2023-жылдын 28-февралында “Оэйсис” Коомдук Кайрымдуулук Фонд тарабынан “Интернат тибиндеги мекемелердин бүтүрүүчүлөрүн социалдык коштоо” коомдук пайдалуу долбоорун ишке ашыруунун алкагында, Чүй облусунун менчигинин бардык түрүндөгү балдар интернаттарынын директорлорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары жана социалдык кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан каржыланган тренинг болуп кетти.
КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча 2022-жылы ИТБМди 639 бүтүрүүчү бүтүрсө, анын ичинен 487си 9-классты аяктагандар. “Оазис” Фондунун практикалык тажрыйбасы көрсөткөндөй, ИТБМдин бүтүрүүчүсүн коомдо ийгиликтүү социалдаштыруу үчүн ИТБМдин бүтүрүүчүлөрүн 23 жашка чейин натыйжалуу ведомстволор аралык социалдык коштоо зарыл.
Тренингде катышуучулар жетим балдарга жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга билим берүү, саламаттыкты сактоо, ишке орноштуруу жана убактылуу турак-жай менен камсыз кылуу жаатындагы кошумча кепилдиктерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар жаатындагы билимдерин бекемдешти.
Ошондой эле 2017-жылдан бери “Оэйсис” Фонду 120 ИТБМ бүтүрүүчүлөрүн ийгиликтүү социалдаштырды: алар кесиптик жана кошумча билим алышты, жумуш менен камсыз болушту, убактылуу турак-жай алууга жардам беришти, реабилитациялык лагерлер уюштурулду.
2023-03-07